Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурдагы бажы кызматкери 26-декабрга чейин тергөө абагында болот.
Сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узартты.
Буга чейин Кара-Суу райондук соту Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, мурдагы аким Тилек Матраимовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, оор залал келтиргени үчүн 1 миллион сом айыпка жыккан. Ош облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салган.
Эске сала кетсек, 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду Бакуда кармаган. Аны менен бирге агалары Тилек, Руслан жана Исламбек да кармалган.
26-мартта Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке экстрадицияланган. «Ал Кыргыз Республикасынын жетекчилигине кол салуу аракетин даярдап жаткан азербайжандык трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун Кыргыз Республикасында кармалган мүчөлөрү менен байланышы бар экени белгилүү болду», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Райымбек Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» жана 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» боюнча кылмыш иши козголгон.
27-мартта Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна камаган.