Бишкекте мектептердин биринде бомба изделүүдө, окуучулар эвакуацияланды

Бишкекте №5 мектеп-гимназиясы курчоого алынды: бомба коюлганы кабарланды. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, жеринде сапёрлор жана укук коргоо кызматкерлери иштеп жатат.

Белгилей кетсек, окуу жылы башталгандан бери борбор калаадагы билим берүү мекемелеринде бомба тууралуу бир нече чакыруулар катталган. Ушуга чейин алардын баары жалган болуп чыкты.