Бишкекте Айыл чарба министрлигине жаңы техникалар тапшырылууда 

Бишкекте өтүп жаткан AgroTechExpo 2024 көргөзмөсүнүн алкагында Айыл чарба министрлиги жаңы атайын техникалар тапшырылууда.

Жаңы алынган техникаларды тапшыруу аземи учурда Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.

Атайын техникалар Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө жеткирилет.