Кыргызстанда дагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет

Кыргызстанда дагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 “Жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Ошентип, төмөнкү жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берилет:

  • Баткен мамлекеттик университети;
  • К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
  • Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
  • Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;
  • Талас мамлекеттик университети.