Жалпысынан ЖЭБде 15 от казан жана 7 кайчылаш турбоагрегат, ошондой эле 3 жана 4, 2 энергоблок бар
Бишкек ЖЭБинде учурда 285 миң 428 тонна көмүр жана 2,917 миң тонна мазут бар экенин ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, камсыздоо графиги бүткүл күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилине ылайыкталган. Көмүрдөн тышкары мазут, газ да бар. Бардык тартылган техника нормалдуу иштеп жатат.
Оңдоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө.
Өткөн суткада ишкана 4,74 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. «Бишкектеплосеть» ишканасы тарабынан белгиленген жылуулук графиги толугу менен сакталып, +65 градусту түзөт.
Жалпысынан ЖЭБде 15 от казан жана 7 кайчылаш турбоагрегат, ошондой эле 3 жана 4, 2 энергоблок бар.