Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшүбүздүн бири болгон Германия менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалаарын белгиледи.

Ал кыргыз-герман кызматташтыгы активдешип жатканына канааттануусун билдирип, Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайердин өткөн жылы Кыргызстанга расмий сапары ийгиликтүү болгонун айтты.

Садыр Жапаров кыргыз тарап Германия менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү байкалаарлык өсүп жатканына токтолду.

Президент Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин баса белгиледи. Бул багытта Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалайт. Өз кезегинде кыргыз тарап германиялык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинде салык жеңилдиктерин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга даяр.

Канцлер Олаф Шольц Садыр Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин канааттануу менен белгиледи.

Олаф Шольц Президент Садыр Жапаровдун былтыр Берлинге болгон сапарын эске салып, бул Кыргызстан менен Германия конкреттүү маселелер боюнча активдүү кызматташып жатканын ачык көрсөтүп турарын айтты.

Ал ошондой эле эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгилеп, бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири —немис ишканаларын абдан кызыктырган Кыргызстандан Германияга адистердин миграциясы маселесине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-герман мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантуу боюнча макулдашууга жетишти.