«Альянс Гидро» жана Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду Талас облусунда «Жерүй» ГЭСин курушат

Бүгүн, 12-сентябрда, Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Кыргыз-Орус Экономикалык форумунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана «Альянс Гидро» компаниясы Талас облусунда «Жерүй» ГЭСин куруу боюнча 25 миллион долларлык каржылоо келишимине кол коюшту. Долбоордун жалпы наркы 30 миллион доллардан ашат.

Бул долбоор аймактын жаратылыш потенциалын экологиялык таза электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонууга багытталган, бул тоолуу аймак үчүн оптималдуу чечим болуп саналат. ГЭСтин кубаттуулугу 28 МВтка чейин болуп, жылдык электр энергия өндүрүмдүүлүгү 100 миллион кВт/саатты түзөт.

«2025-жылдын январь айында биз курулуш-монтаждоо иштерин баштоону пландап жатабыз. Бул иштерди 2026-жылдын экинчи кварталында аяктап, 2027-жылдын биринчи кварталында ГЭСти ишке киргизебиз. Долбоор «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен да ишке ашырылууда», — деп билдирди «Альянс Гидро» компаниясынын башкы директору Александр Абрамов.

«Жерүй» ГЭС долбоорунун маанилүү артыкчылыгы — айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин минималдуулугу: долбоорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдө жерлерди суу астында калтыруу талап кылынбайт, ошондой эле жер көчкү коркунучу азаят. ГЭС иштеп жатканда колдонулган суунун 100% кайра дарыяга кайтарылып берилет, ал эми суу түтүктөрү буга чейин бар жолдордун жана өтмөктөрдүн боюна жайгаштырылат, бул да жаратылышка тийгизген таасирди азайтат.

Бул долбоор электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууга багытталган. Демек, Талас облусунда ГЭС куруу аймактын туруктуу өнүгүшү, энергетикалык көз карандысыздыгы жана ири өнөр жай ишканаларын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жолунда маанилүү кадам болуп калат.

Эске салсак, 2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында өткөн Россия-Кыргыз аймактар аралык конференциясында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, «Альянс Гидро» ЖЧКсы жана Талас облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосунда чакан кубаттуулуктагы ГЭС куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу үч тараптуу меморандумга кол коюлган.

2022-жылдын декабрь айында «Росатом Борбор Азия» компаниясы тарабынан Талас облусундагы Жерүй кенинде ГЭС куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккан.