Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү суранды

Аскар Акаев экс-президент статусун калыбына келтирүү боюнча өтүнүч жасады. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова ырастады.

Айтымында, Акаевдин өтүнүч каты Жогорку Кеңешке бүгүн, 5-сентябрда эртең менен келген.

“Маселе дароо күн тартибине коюлбайт. Биринчиден, фракциялар, депутаттар карайт. Адан кийин гана күн тартибине киргизилет”, – деди Султанбекова.