Кыргызстанда 3-сентябрдан тарта жумуртка импортуна тыюу алып салынат

3-сентябрдан тарта Кыргызстандын аймагына жумуртка алып кирүүгө убактылуу чектөө алынып салынат. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтому менен 2024-жылдын 5-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы тоок жумурткасын алып кирүүгө (импорттоого) тыюу салынган. Бул чара өлкөнү жумуртка менен камсыз кылууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.

Убактылуу чектөөдөн кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тооктун жумурткасын өндүрүүнү көбөйтүп, импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатты.

«Ата мекендик өндүрүүчүлөр тооктун жумурткасын өндүрүү боюнча абал мурунку айларга салыштырмалуу бир топ жакшырды. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр импорттук продукцияга көлөмү, баасы боюнча да атаандашууга даяр. Бул өндүрүштүк кубаттуулуктун калыбына келтирилип, жогорулагандыгын жана импорттук жумуртка менен бирдей рыноктун керектөөлөрүн канааттандырууга даяр экендигин көрсөтүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин жумуртканы ташып келүүгө убактылуу тыюуну алып салуу боюнча министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.