Президент Садыр Жапаров Кара-Көл шаарынын мэрин алмаштырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Президенттин башка тескемеси менен бул кызматка Орозбаев Нуртилек Орозбаевич дайындалды.