Бишкек шаарынын мэриясында «Бишкексельмаш» ЖЭБи боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда «Бишкексельмаш» ЖЭБ курулуш-эксплуатация-өткөрүп берүү модели боюнча техникалык жабдуу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жылуулук кубаттуулугу 240 МВт жана электр кубаттуулугу 100 болгон борборду курууда түрк тарап Кыргыз Республикасынын жашоочуларынын 50%ын тартууну пландаштырууда.

Тараптар жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга үмүттөнөрүн билдиришти.