“Манас” эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд сомго чукул таза киреше тапты

“Манас” эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд сомго чукул таза киреше тапты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпы киреше 5 млрд 349 млн сомду түздү.

“Жалпы кирешеден сырткары 2 млрд 864 млн сом таза киреше болду. 2022-жыл 5 млрд сом, былтыркы жыл 6 млрд сом киреше менен жабылган. Быйылкы жылды 7 млрд сом менен жабууну пландап жатабыз”, – деди Самидинов.