Бишкекте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери уланууда 

Бишкекте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кулатов-Ибраимов көчөсүндө жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө имараттардын фасадына орнотулган 38 даана баннер, 2 мамы жана 2 тепкич аныкталып, демонтаждалган.

Белгилей кетсек, аталган жарнама конструкциялары тиешелүү уруксат документтери жок, тышкы жарнама жайгаштыруу эрежелерин бузуу менен орнотулган.