Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна барды

Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ал модернизацияланган блоктордун жана көмүр кампасынын абалы менен таанышты, ошондой эле ЖЭДдин учурдагы ишмердүүлүгү жана башка актуалдуу маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Алдыдагы күз-кыш мезгилдеринде борбор калааны үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, жабдууларды модернизациялоо, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары боюнча маселелер көтөрүлдү.

«Биздин борборубуздун энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууда Бишкек Жылуулук электр борбору негизги ролду ойнойт. Жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык техникалык жана уюштуруу чаралары өз убагында көрүлөт деп ишенишибиз керек. Бул бардык тиешелүү кызматтар менен ведомстволордун координацияланган иштешин талап кылат», — деди Акылбек Жапаров.

Жапаров иштеринин жүрүшүнө жана аларды аткаруунун графиктеринин сакталышына контролду күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле маселелерди тез арада чечүү жана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурду.