Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов акын Аскат Жетигенди үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, акын бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.
Аскат Жетиген 278-берене «Массалык баш аламандык» боюнча акталды. Аскат Жетиген уулу өзү күнөөсүз экенин айтып, экспертиза анын көрсөтмөлөрүнөн мыйзамсыз эч нерсе таппаганын билдирди. Мамлекеттик айыптоо Аскат Жетигенди сегиз жылга эркинен ажыратууну сураган.