Бишкекте жер силкинди

 Бишкекте жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 31-майда саат 11:13тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Бишкек шаарынан 50 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Бишкек шаарынын аймагында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.