Дастан Бекешев Ататүрк сейил багындагы үйлөрдү сүрдүрбөөнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги Ататүрк сейил багындагы үйлөрдү сүрдүрбөөнү суранды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 29-майда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып «Буга чейинки болгон окуялардан улам бир адам каза болду. Анын кан басымы көтөрүлүп кеткен. Парктын чек арасын тактоо керек болчу, бирок бирөөнүн мүлкүн тартып алуу же жок кылуунун кереги жок эле. Бизге чейинки мэрлер, президенттер, депутаттар, соттор, прокурорлор уруксат берген соң, эмнеге баарын жокко чыгарышыбыз керек?», — деди депутат.

Ал президенттик аппараттан Ататүрк паркынын жанындагы үйлөрдүн жашоочуларынын маселесин кароону өтүндү.