1-класска электрондук каттоо. Дээрлик 70 миң бала кабыл алынды

Кыргызстанда 28-майга карата 69 миң 919 бала электрондук каттоо аркылуу 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

  • Ош облусу – 13 926 бала катталды;
  • Жалал-Абад облусу – 13 956;
  • Чүй облусу – 10 956;
  • Баткен облусу – 8153;
  • Ысык- Көл облусу – 6291;
  • Нарын облусу – 3998;
  • Талас облусу – 3616;
  • Бишкек шаары – 6811;
  • Ош шаары – 2212.
  • Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
6. А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин жүрсө, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.