Жалал-Абадда коркунучтуу жол кырсыгы болду. Мотоциклчен эки аял менен баланы сүзүп кетти

Жабырлануучулардын биринин абалы оор

Жалал-Абадда мотоцикл айдоочусу катышкан коркунучтуу жол кырсыгы катталды. Видео социалдык тармактарда пайда болду.

Кадрда мотоциклист бурулуп бара жаткан унааны сүзүп, андан соң жол четинде турган жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткени көрүнүп турат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки аял жана бир бала жабыркаган. Жабырлануучулардын биринин абалы оор