Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага “Социалдык контракт” программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат.
“Социалдык контракт” программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда.
Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз алып берүү саат 10:00дө башталат.