Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде жер титиреди

 Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде бүгүн, 20-майда саат 11:10до очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында Нарын шаарынан 148 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кыргызстандын Талды-Суу, Баш-Кайыңды, Казыбек, Жаңы-Көч айылдарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга жеткен.