Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 10-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин – Киев – Абдрахманов – Шопоков – Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.
Суу диаметри 150 мм болгон шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.