Боксчу Мухаммадазиз Закиров Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду 

 Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Мухаммадазиз Закиров Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатындакүмүш медалга ээ болду.

Мелдешке кыргыз0стандык мушкер 80 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык баскычында кореялык Парк Дам Хьонду утту. Ал эми жарым финалдык беттеште индиянын спортчусу Сахилдди жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште казакстандын мушкери Мадияр Бексултановго 4:1 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.