Кыргызстандыктар бул аптада катары менен 5 күн эс алат

Өлкөдө 1-5-май күндөрү эл жумушка чыкпайт.

Кыргызстанда бул апта эң кыска иш жума, тагыраагы, 29, 30-апрель гана иш күн деп эсептелген.

Ал эми 1-5-май катары менен эс алуу күндөрү деп министрлер кабинети бекиткен календарда көрсөтүлгөн. Бирок дем алганы үчүн эл башка күндөрү иштешет. 2-майдын ордуна 6-майда (5-май — Конституция күнү жекшембиге туура келгендиктен, 6-май да эс алуу болмок), 3-майдын ордуна 11инде жумушка чыгышат.

Келе жаткан аптада майрамдык эс алуу 9-Май — Улуу Жеңиш күнүндө болот.