Куткаруучу Армия (Армия спасения) менен бирдикте тубаса жүрөк оорусун жеңген Кыргызстандык балдар менен жолугуушуу аземи

Бул жолугушуу аземи 2024-жылдын 6-майында саат 13:30 башталат Бишкек шаарындагы Плаза мейманканасында башталат.

Туштук Кореядагы Гиль ооруканасынын журок хирургия бөлүмүндө 2013-жылдан баштап 2019-жылга чейин Кыргызстандык тубаса жүрөк оорусу бар 36 балага Куткаруучу Армиянын колдоосу менен акысыз   операция жасалган. 2019 жылкы пандемияга байланыштуу  Кореяга баруу мүмкүн болбой калгандыктан, кайрымдуулук акциясын  Кыргызстанда улантуу чечими кабыл алынган. 2020- жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Бишкектеги мамлекеттик жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда 72 балага операция жасалып берилди. Статистикага ылайык, Кыргызстанда жыл сайын тубаса жүрөк оорусу менен 500-650 бала төрөлөт. Ар кандай шартка байланыштуу алардын аз гана бөлүгүнө операция жасалып, ден-соолукта, бактылуу  жашоого мумкүнчүлүк алышат. Жүрөк оорусу менен ооруган балдардын бир жашка толуп толбой чарчап калгандары да жок эмес.

 Операция жасалуучу балдарды тандап алуунун негизги талабы бул, алыскы аймактарда жашаган жана социалдык жактан шарты оор үй-бүлөлөрдөн болушу керек.  Ошентип Куткаруу армиясы тубаса жүрөк оорусу бар жалпы 108 балага операция жасоого демөөрчүлүк кылды. Бул проект Кыргызстан Кызыл жарым ай коому жана мамлекеттик жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту менен биргеликте өткөрүлөт.

Куткаруучу Армия тарабынан демөөрчүлүк 2024-жылы да токтобой уланып, быйыл 12 балага операция жасалганы турат. Учурда мамлекеттик Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда алгачкы 2 бала жаткырылды.

Ар бир балага жасалган операция, жашоого жаны үмүт, жаңы кыялдарды тартуулайт.

Ал эми Куткаруучу армия жөнүндө айта кете турсак, ал 1865-жылы Лондондо (Англия) негизделген жана учурда иш-чараларын жүргүзүп келет.

Ал эми Туштук Кореяда Куткаруучу Армия 1908-жылы түзүлгөн жана Кореянын биринчи коомдук кызыкчылык корпорациясы болуп саналат.

Өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү, калыбына келтирүү жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу сыяктуу иш аракети менен Кореянын 124 социалдык коргоо уюмдары аркылуу ишке ашырылат.

Куткаруучу Армия 100 жылдан ашуун убакыттан бери коомдук иштер менен алектенип келет.

Жети негизги колдоо долбоорлору бар:

1. Балдарды жана жаштарды колдоо чөйрөсү

2. Аялдарды жана көп маданияттуу тармактарды колдоо

3. Маргиналдуу топторду колдоо жана теңсиздикти жоюу

4. Кырсык болгон үй-бүлөлөргө өзгөчө жардам жана колдоо көрсөтүү

5. Жергиликтүү жамааттарды колдоо жана климаттын өзгөрүшүнө байкоо салуу

6. Глобалдык өнөктөштүктүн баалуулугун колдоо (жүрөк оорусу бар балдарга акысыз хирургиялык колдоо көрсөтүүгө тиешелүү)

7. Карыларга жана майыптарга демөөрчүлүк кылуу

Мына ошентип бугун Куткаруучу Армиянын жетекчиси Хи Чанг Ман мырза (CHANG MAN HEE) жана Корея автомагистраль корпорациясынын (Korea Expressway Corporation) өкүлдөрү келип отурушат.

Иш-чара 11 жылдан бери биринчи жолу Бишкек шаарында өтүп жатат. Бул иш чараны уюштурганыбыздын негизги максаты, операция болгон балдар менен ата-энесине жолугуп, балдардын бүгүнкү абалын билүү, ден-соолугун суроо жана келечекте дагы кандай жардам керек экенин өз ооздорунан угуу болуп саналат. Ошондой эле балдарга арналган белектер да тапшырылат.

Ошондой эле операция болгон балдардын жашаган  жерине барып, жашоо-турмушу менен таанышып кетуу да пландалып жатат.

Куткаруучу армиянын Кыргызстандагы негизги өнөктөшү Кыргызстан Кызыл жарым ай коомунун президенти Джакипов Чингиз Тилекович жана мамлекеттик жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун башкы даарыгери Шабыралиев Самидин Эсенбекович менен жолугушуулар да өтөт.

Бул жолугуушуда андан ары да жардамга муктаж Кыргызстандык балдарга натыйжалуу көмөк көрсөтүү  боюнча кенен талкуу болмокчу.

Иш-чара боюнча сурап билүү телефондору: 0555101484