Бишкекте жаңы мурал пайда болду — чий токуу

Бишкекте жаңы мурал пайда болду — чий токуу. Анын сүрөтүн социалдык тармактын колдонуучулары жарыялады.

Мурал № 24 мектептин имаратынын дубалына түшүрүлгөн. Негизги идея муундардын өз ара байланышы, тажрыйба алмашуу жана кол өнөрчүлүктүн кооздугун даңазалоо экени белгиленет.

Арт-объект Джубили Кыргызстан (Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company ЖАК) компаниясынын тапшырыгы менен тартылган.