Ошто чагылган түшүп, өспүрүм каза тапты

Ош облусунда өспүрүм чагылгандан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов брифингде билдирди.

Айтымында, ушул күндөрү Ош облусунда табигый кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду.

Биринчи учур Кара-Кулжа районунда катталган. Анда Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда сел жүрүп, бир эркек, эки аял жана бир бала бараткан унааны агызып кеткен. Жергиликтүү тургундар аялдар менен баланы сактап калышкан, бирок эркек адам каза болгон.

Дагы бир каргашалуу окуя 21-апрелде Кара-Суу районунда болгон. Айылдардын биринде өспүрүмгө чагылган тийген. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок аны аман алып калууга мүмкүн болгон эмес.