Кыргызстандын төрт облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү 

Күн мурун катуу жааган жаандан улам Жалал-Абад, Баткен, Ош жана талас облустарынын аймагында сел жүрүп, Ноокен районунда 300гө жакын түтүн эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн таң эрте өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймактарын жеринен көрүп, ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды койду.

21-22-23-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кокту-колотордон чогулган сел суулары Комсомол айылынын Насосный тилкесиндеги туурак жайларды каптап өткөн.

Учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо жана ички жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Талас районунун Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында жааган жамгырдын кесепитинен сел жүрүп, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, Жарандык коргонуу комиссиясы, облус жетекчилиги маалыматтарды тактоо, кесепеттерин жоюу максатындагы чечимдерди жеринде кабыл алууга чыгып кетишкен. Кошумча маалымат берилет.

Ноокен районунун Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп кеткендигине байланыштуу, Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралган. Жергиликтүү бийлик тарабынан тургундарды коопсуз жайларга эвакувациялоо чечими кабыл алынып, Бостон айылынын 250, Эски-Кочкор-Ата айылынын 50 түтүн туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Бостон айылында сел суулары 42 турак жайды каптап, 3 үйдүн ичине кирип, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Аталган кырдаалды жоюу үчүн Жалал-Абад башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, штаб түзүлгөн. Жерине Сузак ,Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылып, кооптуулук жаралган аймакта жашаган жарандарды коопсуз жайган эвакуциялап, тактоо жумуштарын колго алышты.

Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар тарабынанан өзгөчө кырдалды жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Кара-Суу районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 22:00 чамасында Мады айыл аймагынын Мады, Беш-Мойнок, Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары турак үйлөрдү, жолдорду каптап, жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №21 ЖТИден жүктөгүч, манипулятор Мады айыл аймагынан 15 кызматкер тартылган. Кошумча маалымат берилет.