Бишкек мэри “Мадина” базарындагы объекттерди бузуу процессин текшерди 

Бишкек шаарындагы “Мадина” базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.

Борбор калаанын башчысы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар жана жолду реконструкциялоо жүргүзүлөт.

Свердлов районунун акимине курчап турган аймакты көрктөндүрүү милдети коюлган.

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасына тез арада электр чубалгылары боюнча анализ жүргүзүп, талапка ылайык келтирүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2-мартка чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, бузуу иштери ушул күнгө чейин уланууда.