Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 16-апрелде саат 19:29да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Нура айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 22 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө Нура, Икизак, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик жана Иркештам айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.