Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду 

 Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.

Шаршенбеков 60 кг чейинки салмакта чечүүчү финалдык беттеште япониялык Каито Инабаны 11:0 эсебинде ишенимдүү түрдө утту.

Ал 1/8 финалдык баскычта индонезиялык Супарманто Супарманто аттуу балбан менен чыгып, натыйжада 11:0 эсебинде таза жеңишке жетти. Чейрек финалда өзбекстандык Бахромовду 23 секунддун ичинде 8:0 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда ирандык балбанды 11:0 эсеп менен артта калтырды.