Мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов тергөө абагына киргизилди.
Биринчи май райондук сотунан агенттикке билдиришкендей, Сазыкулов 11-майга чейин камакта болот.
Буга чейин “Кабар” агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.