Ошто эки окуучуну сүзүп качкан айдоочу кармалды 

Ошто жөө өтмөктөн эки окуучуну сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык 10-апрелде шаардагы 8-март көчөсүндө орун алган. Анда Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу Панфилов атындагы №23 орто мектебинин 14 жана 13 жаштагы окуучуларын сүзүп кеткен. Экөө тең ар кандай жарааттары менен ооруканага жаткырылган.

Аталган факт маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, текшерүү иштерин башталган.

Укук коргоо органдары тарабынан 11-апрелде окуяга шектүү делген айдоочунун өздүгү такталган. Ал 1996-жылы туулган К.Н. аттуу жаран болуп чыккан. Күн мурун айдоочу тергөөгө жеткирилип, унаасы айып короосуна киргизилди.