Аксы районунда мектеп окуучулары мушташып, 18 жаштагы бала каза болду

Аксы районунда 9-11-класстын окуучулары чач тарачтагы кезек үчүн мушташып кетишкен. Маалыматты  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кош-Дөбө айылынын 18 жаштагы тургуну бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн.

«Мушташ учурунда жогорку класстын окуучусу өзүнөн кичүү баланы урган. Ал 11-класстын окуучусун башына жана бутуна бычак менен сайып жиберген. Алган жараатынан улам 18 жаштагы окуучу ооруканада көз жумду», — деп айтылат маалыматта.