“Крокус сити холлдогу” теракттын кесепетинен көз жумгандардын саны 133кө жетти

 Москва шаарынын четиндеги “Крокус сити холлдогу” теракттын кесепетинен көз жумгандардын саны 133кө жетти. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинен билдиришкенин, ТАСС маалымдайт.

“Крокус сити холлдун” концерттик залындагы урандылардын астынан каза болгондордун сөөгү табылган. Көз жумгандардын саны учурда 133 адамды түзөт. Издөө иштери улантылып жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус сити холл” концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда “Пикник” тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.