Садыр Жапаров Москвада өтө турган ЖЕЭКтин мааракелик жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.
Жыйын үстүбүздөгү жылдын 8-майында Москвада өтөт.


Маалымат үчүн: Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш — регионалдык экономикалык биригүүнүн эл аралык уюму. Анын курамына Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан жана Армения кирет.