Нооруз майрамына карата Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабыларын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан эскертишти.

20-21-мартта төмөнкү жолдорго убактылуу чектөө кирет:

  • Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
  • Раззакова көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Кайгуул кызмат башкармалыгы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.