Салык кызматы эки айда 42 млрд салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь–февраль айларында 42 млрд 453,4 млн сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 1 млрд 952 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,5 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 30 млрд 796 млн сом салык жана төлөмдөр, 11 млрд 657 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.