
Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 28-февралда саат 19:15те орун алып, очогу Предтеченка айылынан 2 чакырым түштүктө, Кара-Балта шаарынан 22 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсүү Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка, Сретенка, Кош-Дөбө жана Петровка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.