“Ажырашып кеткендерди үлгү көрбөшүбүз керек” – Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров кыргыздын үрп-адат, каада-салтына туура келбеген маалыматтарга чектөө киргизүү керектигин билдирди.
Ал орун басары Эдил Байсаловго Мониторинг борборун түзүү боюнча маселени чечүүнү тапшырды.

“Кайната-кайнени сыйлабаган келинди, соцтармакка чыгып алып атасынын кадыр-баркы менен мактанып, бөлөк бирөөнүн үйүнө барып келин болуп, кызмат өтөп, байбиче болгондун ордуна ажырашып кеткендерди үлгү катары көрбөшүбүз керек. Алардын баары соцтармакка чыкканы уят. Аталарыбыз “кайнаталар шортычан жүрбөгүлө” деп үйрөтчү. Ошол сыңары келиндер да жоолукту чечпегиле”, — деди өкмөт башчы.

Жапаров элди түздөй турган иштер Маданият министрлигинин милдети экенин белгиледи.