Депутат Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатынан ажырады

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандаттарынан ажырашты. Алар депутаттык мандаттарын тапшырууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз беришкен. Себеби ачыкталган эмес.

Искендер Матраимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов издөө жарыяланган Райымбек Матраимовдун бир тууганы.