Автобуста 140 миң сомдук телефонду уурдап кеткен адам кармалды

Окуя 31-январда болгон. Автобустун көзөмөл видеосунан жүргүнчү кыз жол кирени төлөгүчө Тырыш каймана аты менен таанымал болгон киши анын чөнтөгүн “тазалап” кеткенин көрүүгө болот. Жабырлануучу милицияга iPhone 15 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айтып, арыз менен кайрылган.

ИИМ 34 жаштагы шектүү буга чейин ушул сыяктуу кылмыштары үчун 7 жолу соттолгонун билдирди. Милиция бул адамдан жабыр тарткандар болсо, 0709 990 160 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.