Сосновка, Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Азыркы тапта Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. Бул жөнүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

«Сосновка» жана «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унааларга карата киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Жолдо тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунун 100-102-чакырым аралыгына түшкөн кар көчкү тазаланууда.

Көчкү түшүү коркунучунан улам жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун алдын алуу максатында Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунун 38-101-чакырым аралыгы (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолу (0-4-чакырым аралыгы) убактылуу жабылды.

«Калган жолдордо каттам бар. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат. Жол тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө», — деп белгиледи министрлик.

Кыргызгидромет маалымдагандай, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт, тоолуу райондордо болсо кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Талас облусунун айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.