Бөйрөк трансплантациясына байланыштуу суроолор боюнча кайда кайрылса болот

Саламаттык сактоо министрлигинде мекеменин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин, дарыгерлердин жана жогорку деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин, министрликтин башкармалык жетекчилеринин жана гемодиализ жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өтттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда тууган донордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси каралды. Бөйрөк трансплантациясына муктаж реципиенттердин жана донорлордун реестрин өркүндөтүү, дарыгерлер топторун, анын ичинде иммунологдорду даярдоо, аларды чет өлкөлөрдө, Түркиянын адистештирилген клиникаларында окутуу талкууланды.

«Жыйынтыгында донорлорду жана реципиенттерди тандоо боюнча нефролог, уролог, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрүнөн турган этикалык комиссиянын отурумун өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Кыргыз-Түрк достук ооруканасына иммуносупрессивдүү дары-дармектерди, реагенттерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн каржылоо маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.