Ак-Ордо конушунда автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады  

Ак-Ордо конушунда № 10 автобус жеңил унаа менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен 23:30дар чамасында И.Ахунбаев менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда батыштан чыгышты кздй базага кайтып жаткан автобусту Каркыра көчөсүнөн чыга калган “Хонда-Фит” унаасы сүзүп алган.

Бактыга жараша автобуста жүргүнчүлөр болгон эмес.

Ал эми жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.