Көңүл буруңуздар! Бишкекте онлайн окуу 6-февралда да уланат

Бишкекте онлайн окуу 6-февралда да уланат. Бала бакчалар да иштебейт.

Ал эми 7-февралдан тарта бардык мектеп жана бала бакчалар кайрадан кадимки тартипте иштей баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2-февралдан баштап 6-фералга чейин (өзгөчө буйрукка чейин) Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун негизинде онлайн-окутууга которулган.