ЖЭБдеги авария. Жылуулук 2-3 күндө берилиши мүмкүн

Бүгүн, 2-февралга караган түнү Бишкек шаардык ЖЭБинде авария катталды. Кырсыкка байланыштуу тиешелүү мекемелердин жетекчилери маалымат беришти.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов авариядан улам ЖЭБдеги айрым жабдыктар иштен чыкканын айтты.

“Кырсык 14-отканада катталган деп болжолдонууда, комиссия муну тактап жатат. Биз авария болгон жерден келдик. Болушунча тез арада калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. 2-3 күндүн ичинде жылуулук берүү системаларын калыбына келтирүүгө аракет кылуудабыз”, – деди Керимов.