Россия Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр – Мишустин

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жыл сайын өтүүчү Digital Almaty 2024 санарип форумунда өздөрү тараптан Кыргызстанга Бишкек Жылуулук борборундагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

“Мен көйгөй жакын арада чечилет деп ишенем. Биз Кыргызстанга авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даярбыз. Менин оюмча Евразия экономикалык биримдигинин бардык мүчөлөрү жардам берүүгө даяр”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Белгилей кетсек, кырсыкка байланыштуу буга чейин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев чет өлкөдөгү иш сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкекке кайтып келишкен.