Издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берген шектүү кармалды

Издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 30-декабрында Бишкекте издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны О.А. кармалган. Ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренесинин (финансылык инвестициялык пирамиданы түзүү жана башкаруу) негизинде айып тагылып, сырттан камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалган.

Ал каза болгон Кыргызстандын жаранынын паспортун мыйзамсыз алып, бир нече жолу пайдаланып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, аталган жаран Казакстандын укук коргоо органдарынан жашырынып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн. Каттоочу органдын кызматкерлери аны Кыргызстандын аймагында андан ары мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүшкөн.

«Анын үстүнө ал баңгизатын сактагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 150 миң сом айыпка жыгылганга жетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 347-беренесине (Паспортту мыйзамсыз берүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Мыйзамсыз паспорт берүүгө шектүү катары Октябрь району боюнча паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.