Бишкекте жаңы перинаталдык борбор ачылды 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык борбордун ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгилгендей, борбордо кош бойлуу кезинде патологиясы бар аялдарга жана майыптыгы менен төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүлөт.

“Буга байланыштуу борбор жаңы инновациялык жабдуулар жана операциялык бөлмөлөр менен камсыз болду. Борбордун иши бала жана эне өлүмүн азайтууга жардам берип, ата мекендик медицинанын өнүгүшүнө да салым кошот деп терең ишенем. Бул бүчүн мамлекет бардык күч-аракетин жумшайт”, – деди ал.

Белгилей кетсек, жаңы перинаталдык борбордун аянты 4 миң чарчы метрди түзөт. Ал 203 орунга ылайыкталган жана февралдан тарта иштеп баштайт. Перинаталдык борбор Германия өнүктүрүү банкынын (КFW) гранттык каражаттарынын эсебинен курулду.